Эртең, 9-июнда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз бардык облустарда жаан-чачын болушу ыктымал.
Абанын температурасы:
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн +17..+22, күндүз +31...+36,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17...+22, күндүз +30...+35,
Талас облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +28...+33,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3...+2, күндүз +7...+12.
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн +20...+22, күндүз +32…+34 градус болот.