Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мекемеден билдиришкендей, энергетика жана өнөр-жай министри болуп Доскул Бекмурзаев дайындалды.
Доскул Бекмурзаев буга чейин энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары болуп эмгектенген. Андан тышкары "Түндүк электр" ишканасынын жетекчилик кызматын аркалаган.