Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жаңы директор дайындалды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп Уланбек Калманбетов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда президенттик аппараттан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Уланбек Калманбетов министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Уланбек Калманбетов буга чейин транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп иштеп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан