"Кыргыз темир жолунун" мурдагы директору Василий Дашков кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турганда былтыркы жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон. "490 миллион сом жең ичинен коротулган. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сомго бааланган", - деп жазылат маалыматта.
18-майда Башкы прокуратуранын улук прокурору Дашковду үй камагына чыгаруу тууралуу сотко өтүнүч келтирип, ал канааттандырылган.
Буга чейин бир катар жергиликтүү басылмалар Василий Дашков УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан. Андагы маалыматтарга караганда Дашков коррупцияга шектелип кармалган.
Василий Дашков ээлеген кызматынан 25-мартта бошотулган. Буга чейин иликтөөчү журналисттер аталган тармактагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгендигин жарыялаган болчу.