Никол Пашинян бардык туткундарды бошотуу максатында Азербайжанга өз уулун берүүнү сунуш кылды

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян тиешелүү структураларга Азербайжанга Тоолуу Карабахтагы согуш аракеттеринен кийин Бакуда жүргөн армян туткундарына уулу Ашотту алмаштырууну сунуш кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мындай сунушун ал Армениянын Ширак облусундагы тарапкерлери менен жолугушууда билдирген. "Биздин тиешелүү түзүмдөргө Азербайжан тарапка менин уулум биздин туткундардын ордуна Бакуга барымтага кетүүгө даяр экендигин расмий сунуштоо боюнча көрсөтмө бердим", - деген Пашинян.

Өз кезегинде Пашиняндын уулу ошол эле күнү Фейсбуктагы баракчасына мындай алмашууга макул экенин жазган.

Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2021-06-09 18:03:20
Өзүм даярмын барууга дебейби.
-1
rafo80
2021-06-10 16:37:29
Belek1710,
Түзүк десең, биздин чоңдор туткунга алмашмак турсун көчөдө субботникке жөнөтпөйт го. Армияны айтпай эле коеюн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан