реклама
super.kg logo

Жаңы дайындалган энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

 
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалган Доскул Бекмурзаевди министрликтин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Айбек Жунушалиев жаңы дайындалган министрди тааныштырып жатып энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча жигердүү иштер жүрүшү керектигин баса белгиледи.
"Доскул Жумагулович министр кызматына дайындалганга чейин эле системада иштеп келген. Тармактын учурдагы абалын дагы жакшы билет. Ошондуктан энергетика тармагын өнүктүрөт деген ишеничтебиз", - деди Жунушалиев.
Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өз кезегинде энергетика тармагында түзүлгөн абалдан эмгек жамааттын жана иш билги адистердин жардамы менен чыга турганын белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.06.2021. 15:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
28-05-2020
Соӊку аракети:
20-06-2021 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алмаштыра бербей, талапты коюп ишке өткүлө эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: