реклама
super.kg logo

Садыр Жапаров Анкарада Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду

 

Бүгүн, 9-июнда президент Садыр Жапаров Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында "Аныткабир" мемориалдык комплексине - Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган жерге барды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Түркиянын мамлекеттик жана саясий улуу ишмеринин бейитине гүлчамбар коюп, анын элесине таазим кылды. Мамлекет башчысы мавзолейдин музейин көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

"Аныткабир" мемориалдык комплекси Мустафа Кемал Ататүрктүн мамлекетинин жана элинин алдында сиңирген эмгегине урмат көрсөтүүчү символу катары тургузулган. 750 чарчы метр аянтты ээлеген бул комплексте мавзолей, музей, парк жана башка объекттер бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.06.2021. 18:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
09-01-2021
Соӊку аракети:
21-06-2021 02:25
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аллахка чексиз шугурлор болсун ушундай жылдыздуу ыймандуу сонун адамгерчиликтуу ажо бизге Кыргыз элине буйруп койгонуна. Аллахым озу сактасын Садыр Нуркожоевичтин уй булоосун, аялы да ажарлуу токтоо акылдуу айым. Аллахтан болуп ардактуу пенсияга чыккыча президенттик тактыдан тушпосо экен.
09.06.2021. 18:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
566
Катталган:
07-02-2020
Соӊку аракети:
20-06-2021 21:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Садыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: