Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда Анкара шаарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.
Жолугушуу тет-а-тет форматында өткөнүн президенттик аппараттын басма сөз кызматынан белгилешти.
Мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуусунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын лидерлери түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин алкагындагы алакалардын артыкчылыктуу багыттары жана стратегиялык өнөктөштүктө буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу сөз кылышты.
Тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү улантышат.