реклама
super.kg logo

Биринчи айымдардын жолугушуусу, Эрдогандын кол чатыр көтөргөнү... Сүрөттөр баяндаган иш сапар

 

9-июндагы башкы жаңылыктардын бири президент Садыр Жапаров жана ал жетектеген делегациянын Түркияга болгон расмий иш сапары болду. Анда эки тараптуу кызматтыштык боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Иш сапарга өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова дагы барып, Эмине Эрдоган менен жолугушту. Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын биринчи айымдарынын чогуу түшкөн сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Көпчүлүк сүрөткө "аял жакшы эр жакшы..." деген тема койсо, айрымдары биринчи айымдардын кийген кийимдерине баа беришти.

Сүрөттү Эмине Эрдоган Инстаграмдагы баракчасына (1 миллион катталуучусу бар) жүктөп: "Расмий иш сапары менен өлкөбүзгө келген Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованы кабыл алганыма кубанычтамын. Бул иш сапар өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдейт деп ишенем", - деп жазган.

Анкара шаарындагы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышынан чырк этме.

Президент Садыр Жапаровдун өнөктөш өлкөгө болгон иш сапарындагы дагы бир көңүл бурдуруп, талкууга алынган сүрөттөдүн бири Режеп Тайип Эрдогандын кол чатыр көтөргөнү болду. Анда өлкө лидерлеринин расмий жолугушуу аземинде жамгыр жаап, Эрдоган килемден өткөн "коногун" кол чатыр менен калкалап басты.

Ошондой эле 9-июндагы иш сапар Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачуу менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(4)
10.06.2021. 11:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
20-06-2021 17:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
+5
Биздин президент.
10.06.2021. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
20-06-2021 16:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+7

Коз тийбесин,Садыр Жапаров таза,татыктуу иштеп,коп жыл бою президент боло берсин!
10.06.2021. 13:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
19-09-2020
Соӊку аракети:
21-06-2021 01:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин Президент!!!
10.06.2021. 13:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
15-09-2017
Соӊку аракети:
20-06-2021 22:33
Жынысы:
Белгисиз
-11
Дакансалардын президенти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: