реклама
super.kg logo
реклама

"Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш". Садыр Жапаров Июнь окуясынын 11 жылдыгына карата кайрылуу жасады

 

Президент Садыр Жапаров Июнь окуясынын 11 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2010-жылдын июнь айында болгон каргашалуу окуяларга он бир жыл толду. Бүгүн биз ошол апаатта набыт болгондордун арбагына таазим этип, дайынсыз жоголгондорду эскерип отурабыз. Андай апаат, бир тууган элдерди кырды бычак түшүргөн андай каргаша экинчи кайталанбасын деп тилек кылабыз. Жалпыны сабырдуулукка үндөгөн, жабыр тарткандарга кол сунуп, жардам берген акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. Бизге ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазычылык билдирем.

Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш. Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу бабалардан мураска калган сүйүктүү өлкөбүздүн келечеги үчүн ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди бекемдөө зарыл экенин дагы бир жолу ырастады.

"Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот" деп бекеринен айтылбаса керек. Бүгүн биз биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир өлкө катары келечекке багыт алуубуз зарыл. Бири-бирибизге болгон сый-урмат, жардам, ишеним аркылуу биз чоң-чоң ийгиликтерди жаратып жатабыз. Биздин күч биримдикте!

Ош, Жалал-Абад - көп этностуу облустар. Көп түрдүүлүк - бул биздин байлыгыбыз. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 80ден ашык этностордун өкүлдөрү бар. Ар бир этностук топ өзүнүн маданиятын, тилин, каада-салттарын сактоо менен мекенибиз Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатышат", - деп айтылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: