Депутат: "Парламентте көптөгөн көйгөйлөр көтөрүлгөнү менен, каражаттын жоктугу боюнча окшош эле жооптор келет"

"Парламентте көптөгөн көйгөйлөр көтөрүлгөнү менен, каражаттын жоктугу боюнча окшош эле жооптор келет", - деп бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов билдирди.

"Көйгөйлөрдү айтабыз, министрлер кабинетинен реакция жок. Чек арада чыр чыкты. Баткенге макам берип жатабыз. Бул туура. Бирок башка аймактарга көңүл буруу керек да. Аймактардагы жолдор каралбай калды, таза суу жана сугат суу маселеси күндөн-күнгө курчуп баратат. Дайыма эле айтабыз, бирок эч кандай жыйынтык жок. Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров депутат кезинде көп көйгөйдү чечүүгө болорун билдирчү. Андай болсо азыр чечсин", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан