Опера жана балет театрынын 10дой артисти иштен кетүү арызын жазды. Директор эч кимди иштен албай турганын айтат

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын 10дой кызматкери иштен кетүү арызын жазышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Сыдыков менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Айтымында, артисттер 1-июнь күнү иштен кетүү тууралуу арызын жазышкан.

"Театрдын администрациясынын, көркөм жетекчинин жүргүзгөн саясатына каршы болуп 10дой кызматкер, арасында 25 жылдык тажрыйбасы бар концертмейстер болуп арыз жазганбыз. 2-июнда карантин деп балет бөлүмүнүн кызматкерлерин театрга киргизген жок, ошол эле учурда башка бөлүмдүн кызматкерлери иштеп жатышат. Эми 15-июнда карантиндик чектөө алынат. Жазган арызыбыз канааттандырылабы, жокпу ошондон кийин билинет. Биз башкы балетмейстер менен иштеше албай, анын ордуна башканы дайындоону талап кылганбыз. Бирок мурдагы көйгөйлөрүбүз ошол эле бойдон чечилбей келе жатат. Мен 12 жылдан бери театрда эмгектенип келе жатам, биздин маселелелер ошол бойдон калууда", - деди балет бийчиси.

Аталган театрдын директору Керим Турапов иштен кеткиси келгендер кетерин айтып, кыскача мындай деди.

"Алардын талабы башкы балетмейстерди иштен алуу болуп жатат. Мен эч кимди иштен алып коё албайм, алар дагы артисттер. Арыз жазгандардын арызы канааттандырылат".

Эске салсак:

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-мартка белгиленген спектакль коюлбай калган. Анда театрдын айрым артисттери коммерциялык спектаклге акы төлөнбөйт деп баш тартышкан.

Спектакль коюлбай калгандан кийин 9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери маалымат жыйын беришкен. Анда балетчилер Коммерциялык спектаклге катышпагандыгынын себеби бул үчүн акы төлөнбөгөнүн билдиришкен.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган театрдагы болгон жагдай боюнча атайын комиссия түзгөнү маалымдалган. Комиссиянын корутундусуна ылайык, жетекчилерге эскертүү берилип, келишимдерди жаңыдан түзүү тапшырылган.

Кийинчерээк биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков министрликтин жетекчилиги, ошондой эле театрдын жетекчилиги, артисттери менен жолугушуп, спектаклды коюудан баш тартуу себептерин талкуулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан