реклама
super.kg logo

"Ашканада иштеп, балдарын жалгыз багып жүргөн". Элчилик Санкт-Петербургда үч баласын кароосуз калтырган кыргыз келиндин окуясын айтты

 
Буга чейин айрым жергиликтүү маалымат каражаттарына Орусиянын Санкт-Петербург шаарында үч баласын кароосуз калтырган кыргыз келин кармалганы туурасында маалымат жарыяланган. Бүгүнкү күндө балдар медициналык жайларда тиешелүү дарылануудан өтүп жатканын Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Ал эми окуя боюнча элчиликтин маалымат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди.
"1998-жылы туулган А.Ш.М. аттуу Кыргыз жараны Санкт-Петербург шаарында жашы жете элек үч баласы (5, 3, 1 жаш) менен жашап, балдарды жалгыз багып келет. Ал Санкт-Петербург шаарындагы ашканалардын биринде ашпозчу болуп иштейт. Балдары батирде өз алдынча калышкан.
Кошуналары жашы жете элек балдарды көрүп калышып, "Тез жардам" кызматын чакырып, укук коргоочуларга кабар беришкен. Жерине келген полиция кызматкерлери балдардын энесин таап, ата-энелердин жашы жете элек балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө протокол түзүп, коё беришкен. Учурда иш Екатерингофскинин камкорчулук жана камкордук муниципалдык бөлүмү тарабынан каралып жатат.
Балдардын бири №5 балдар шаардык клиникалык ооруканасында, экөө №3 балдар шаардык клиникалык ооруканасында медициналык жардам алып жатышат.
Балдар ооруканадан чыккандан кийин камкорчулук муниципалдык бөлүмү тарабынан жашы жете элек балдарды энесине өткөрүп берүү маселеси чечилет. Маселе чечилери менен жалгыз бой эне өлкөгө кайтууну пландаштырууда.
Элчиликтин канцеляриясы балдар ооруканадан чыгары менен ыкчам түрдө энеси менен мекенине кайтуусу үчүн зарыл болгон документтеринин баарын тез арада тариздеп берет. Ошондой эле Санкт-Петербургдун диаспора түзүмдөрү аркылуу аларга жардам берүү максатында каражат топтоо маселеси да каралат", - дешти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
10.06.2021. 21:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
24-06-2021 02:53
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бечара эне эмне кылсын .Аргасфздан алып кеткен да.Дагы бир эркек соройдун жоопкерчиликсиздиги.Таштап кетсе Кыргызстанда кор болсо,айлап жылдап корбой чонойгондон коро жанымда болсун дегенго.Бирок ото жаш экен балдары,5 жаштагы кызга боорум ачыды,туйшуктун баары ошондо болгонго.
11.06.2021. 00:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
231
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
23-06-2021 23:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+6
mira28, ооба да, байкуш эне озу да жаш экен.
11.06.2021. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
19-10-2016
Соӊку аракети:
24-06-2021 00:49
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иииий,байкуш. 23 жашында 3 баласын багуу учун 5 жаштагы кызга ишенип айла жок журот да((((. Ыйлагым келип кетти((.
11.06.2021. 00:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
23-10-2020
Соӊку аракети:
23-06-2021 22:48
Жынысы:
Белгисиз
+8
Балдарымды багам деп ушул корунуш болду.эндурайын эри кайда экен
11.06.2021. 01:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
01-11-2020
Соӊку аракети:
24-06-2021 01:18
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкушум ай озу да жаш, балдарыда жаш.
5 жаштагысы озу да бала бойдон 1жаштагысын кантип карайт туалетке барам деп айтпаса, иштен келгиче журогу жарылгыдай болуп келет экенда. Душманыма да каалабайм мындай жашоону.
11.06.2021. 01:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-09-2020
Соӊку аракети:
23-06-2021 22:19
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш Келин. Баардык кучту оз мойнуна алыптыр да. Куйоосу куйоо болбой эле. Эвропага барып эрге тийип алсын
11.06.2021. 03:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
664
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
24-06-2021 01:08
Жынысы:
Белгисиз
+5
Күйөө сөрөйүн кармап камаш керек өзү, бечара келинге бооруң ооруйт, баатыр эне деген ушул келинге бере турган экен. Өз эмгеги менен балдарын таштабай багып жүргөн, молодец.
11.06.2021. 04:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
430
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
23-06-2021 21:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Эркек шумшугу кайда болду экен?Беш,уч,бир жаш эмес чооон эле балдарды жалгыз таштагандан коркосун.
14.06.2021. 14:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
19-01-2021
Соӊку аракети:
23-06-2021 14:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосун жазалаш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170842;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: