Талант Мамытов менен Өзбекстандын элчиси эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча бир катар маселелерди талкуулашты

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидовду кабыл алды. Бул парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар жолугушуунун жүрүшүндө ар тараптуу, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүү аркылуу эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча бир катар маселелерди талкуулашты.

Хуршид Мирзахидов Кыргыз мамлекетиндеги ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип, колдоо көрсөткөндүгү үчүн төрагага ыраазычылыгын айтты.

Ал эки элдин өз ара байланышын чыңдоо үчүн иштөөгө даяр экендигин билдирди. “Биздин жолугушуубуз Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын бир туугандык, жакын коңшулук жана ишенимге негизделген жылуу алакасынын мезгилине туура келип жатат”, – деди ал. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы сапары өнөктөштүк үчүн өтө маанилүү болгонун белгиледи.

Жолугушуу соңунда тараптар жаңы долбоорлор боюнча биргеликте иштешүүгө макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан