Бүгүн, 11-июнда Япониянын Осака шаарында өтчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турундагы Футбол боюнча Кыргыз курама командасында жаралган абал боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Жыйынга Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов жана Кыргыз футбол союзунун укук бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Букуев катышууда.
Нурдин Бакуевдин айтымында, Павел Матяш жакында оюнга чыгып калышы ыктымал.
"Биздин 3 дарбазачы тең коронавируска шектелип жатканына байланыштуу бул жактан Павел Матяшты жибергенге мажбур болуп жатабыз. Ал 3 күн карантинде болот.
Биз Япон тарапка айттык. Ал кийинки оюнга чыгып калышы мүмкүн", - деди Нурдин Букуев.