"Ак шумкарлар" Мьянманы 1:8 эсебинде жеңип алды. Алдыда Япония курамасы менен беттешет

Бүгүн, 11-июнда Япониянын Осака шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Мьянма курамасына каршы ойноду.

2021-06-11 14:50:00

Калыс ышкырыгын жаңыртты. Эсеп саны 1:8. "Ак шумкарлар" Мьянманы 7 топ айырмачылыгында жеңип алды. Алдыда Япония.

2021-06-11 14:48:00

Башкы калыс оюнга кошумча 2 мүнөт кошуп берди.

2021-06-11 14:47:00

Ахлидин Исраилов каршылаштарынын дарбазасынын жанында укмуштуудай ачыла алды. Ал топко толук кандуу жете албай, топ дарбаза мамысынан өйдө кетти.

2021-06-11 14:44:00

Керемет! Элдар Молдожунусов атаандашынан өзү топту тартып алып дарбазага сокку узатты. Анын соккусу дарбаза мамысына жакын өтүп, кооптуу абал жаралды.

2021-06-11 14:41:00

Мьянма курамасы акырындап көбүрөөк топко ээлик кылууда.  Ал ортодо алардын уюштурган чабуулун Айзар Акматов токтото алды.

2021-06-11 14:35:00

Мьянма курамасында кезектеги алмашуу орун алды.  Дегичекти болбой го-о-о-о-л! Мирлан Мурзаев дээрлик ачык дарбазага топту багыттап, бүгүнкү беттештеги хет-тригин жасады.

2021-06-11 14:31:00

Мирлан Мурзаев Элдар Молдожунусовго мыкты чыгарып берүү жасаган. Тилекке каршы, Элдар офсайд абалында болуп калды.

2021-06-11 14:29:00

Топ "Ак шумкарлардын" карамагында көбүрөөк кармалууда. Кыргыз курамасы атаандаштардын оюн талаасын толугу менен көзөмөлгө алып, өз кезегинде чабуулга чыгып жатышат.

2021-06-11 14:27:00

Мьянма курамасы бүгүнкү беттештеги алгачкы голун жаратты. Эсеп саны 1:7.

2021-06-11 14:21:00

Кыргыз курамасында алмашуу: Турсунали Рустамовдун ордуна Мустафа Юсупов талаага чыкты.

2021-06-11 14:20:00

62-мүнөт. 0:7. Абай Боколеев эч кандай кыйынчылыксыз атаандаштын дарбазасына таамай топту багыттады.

2021-06-11 14:18:00

Ой! Го-о-о-о-л! Кереме-е-е-т! Мирлан Мурзаев алыскы аралыктын бүгүнкү беттештеги экинчи укмуштуудай голун жаратты. Эсеп саны 0:6.

2021-06-11 14:14:00

"Ак шумкарлардын" карамагында алмашуу: Гүлжигит Алыкуловдун ордуна Элдар Молдожунусов, Эдгар Бернхардттын ордуна Муролим Ахмедов оюн талаасына чыкты. 

2021-06-11 14:13:00

Атаандаштар "Ак шумкарлардын" дарбазасына дагы бир кооптуу сокку узатты. Бактыга жараша, топ дарбаза мамысынан өйдө кетти. 

2021-06-11 14:12:00

Кыргыз дарбазасына алгачкы сокку. Мьянма курамасынын футболчусунун узаткан соккусун Эрнист Батырканов оңой эле тосуп алды.

2021-06-11 14:10:00

Оюндун 50-мүнөтү: Мьянма курамасы өздөрүнүн талаасында топко көбүрөөк ээлик кылууда.

2021-06-11 14:06:00

Гүлжигит Алыкуловго карата оюн эрежесин бузгандыгы үчүн каршылаштардын 12-катар саны менен ойногон оюнчусу сары айып кагазын алды.

2021-06-11 14:04:00

Турсунали Рустамов каршылаштарга каршы оюн эрежесин бузгандыгы үчүн сары айып кагазын алды.

2021-06-11 14:01:00

Экинчи бөлүк башталды. Кыргыз курамасында алмашуу. Фархат Мусабековдун ордуна Ахлидин Исраилов талаага чыкты.

2021-06-11 13:48:00

Оюндун биринчи бөлүгү аяктады.

2021-06-11 13:47:00

Керемет гооол! Мирлан Мурзаев Гүлжигит Алыкуловдун чыгарып берүүсүн өзү аркылуу тээп (через себя), укмуштуудай гол жаратты.

2021-06-11 13:46:00

Калыс оюнга кошумча 1 мүнөт кошуп берди.

2021-06-11 13:44:00

Гооол!! Алимардон Шүкүров Гүлжигит Алыкуловдун чыгарып берүүсүнөн кийин каршылаштын дарбазасынын бурчуна акырын гана топту тоголотуп гол жаратты.

2021-06-11 13:43:00

Каршылаштардын дарбазасында укмуштуудай пас алмашуу. Тилекке каршы, Александр Мищенко офсайд абалында болуп калды.

2021-06-11 13:37:00

Алимардон Шүкүров Мирлан Мурзаевдин укмуштуудай чыгарып берүүсүндө дарбазачы менен жекеме-жеке болуп калды. Сокку узатканда тилекке каршы Мьянма дарбазачысы топту тосуп кетти.

2021-06-11 13:33:00

Гоооооллл!!! Фархат Мусабеков каршылаштын дарбазасына сол буту менен укмуштуудай сокку узатып, гол жаратты. 

2021-06-11 13:32:00

Фархат Мусабеков Мьянма оюнчусуна карата эреже бузуп, калыс ышкырыгын жаңыртты.

2021-06-11 13:28:00

Гоооол! Гүлжигит Алыкулов өзүнүн стилинде. Ал эки коргоочуну жазгырып өтүп, оң буту менен топту дарбазага таамай багыттады.

2021-06-11 13:26:00

Мьянма курамасында алмашуу, 9-номурдагы футболчунун ордуна 7-катар санындагы футболчу талаага чыкты.

2021-06-11 13:23:00

Алимардон Шүкүров башка тээп алган Мьянма курамасынын оюнчусуна калыс кызыл айып кагазын көрсөттү.

2021-06-11 13:22:00

Гоооол! Мирлан Мурзаевдин чыгарып берүүсүн Турсунали Рустамов башы менен дарбазага таамай багыттады.

2021-06-11 13:20:00

Мьянма курамасы өз кезегинде топту тартып алып, чабуулга чыгуу аракетин көрүп жатат. Бирок, Кыргыз коргоочулары аларды токтотуп калууда. 

2021-06-11 13:16:00

Гүлжигит Алыкулов дарбазага жер менен сокку узата алды. Каршылаштардын дарбазачысы өз ордунда.

2021-06-11 13:15:00

Бактияр Дүйшөбекөв өз айып аянтчасынан Мирлан Мурзаевгу узун чыгарып берүү жасады. Пас катуу болгондуктан Мурзаев топко жете алган жок.

2021-06-11 13:12:00

Кыргыз курамасынын карамагындагы үчүнчү бурчтан чыгарып берүү. Дарбазачы топко биринчи жетти. Ошол эле мезгилде Абай Боколеев офсайд абалында калып калды.

2021-06-11 13:10:00

Кыргыз курамасынан карамагындагы экинчи бурчтан чыгарып берүү. Александр Мищенко топто.

2021-06-11 13:08:00

Алимардон Шүкүров Абай Боколеевге жакшы чыгарып берүү жасады, Тилекке каршы Абай топко жете алган жок.

2021-06-11 13:05:00

Алимардон Шүкүров атаандаштын дарбазасына кубаттуу сокку узатты. Бирок топ дарбаза торунан сыртка кетти.

2021-06-11 13:03:00

Алимардон Шүкүров каршылаштардын дарбазасына мыкты деңгээлде кирип баруу жазады. Бирок топ кыргыз футболчусуна тийип сызыктан чыкты.

2021-06-11 13:02:00

Топту Кыргыз курамасы көбүрөөк өзүндө кармап жатат. Ал ортодо Айзар Акматовго каршы оюн эрежеси бузулду.

2021-06-11 13:00:00

Калыс ышкырыгын жаңыртты. Топту оюнга Мьянма курамасы кошту.

2021-06-11 12:59:00

"Ак шумкарлар" оюнга даяр. Команда чогулуп сүйлөшүү кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Alixan-Nookat.2015
2021-06-11 13:31:21
Биздин КТРК спорт каналы эски көчмөндөр оюнун былтыркы көк бөрүнү көрсөтөт болду.
+1
interpol
2021-06-11 13:32:00
Ак шумкарлар негедир ушул ак формада дайыма жеңишке ойношот. Эмки оюунда да ушул ак формада ойносо жакшы болмок
+2
D.I.D.
2021-06-11 18:43:44
interpol,Ак Шумкарлар да кантсе дагы
0
Alixan-Nookat.2015
2021-06-11 13:32:26
2-гол Азамат Гулжигит
0
mr.ulan89
2021-06-11 13:35:32
Ушундай заманбап жашоодо жашап атып прямой эфир коро албай окуп отурабыз уят КТРК уят
+3
Alixan-Nookat.2015
2021-06-11 13:35:40
3-гол азаматтар
0
Alixan-Nookat.2015
2021-06-11 13:43:28
1XBET кеңеш берип жаткан экен Кыргызстан-Мыянмада Мыянмага койгула акчаны Кыргызстандын курамы толук эмес дарбазачасы дагы жок жеңилет деп бирок андай болбой жатат. Буюрса Кыргызстан буга чейин 7:0 жеңген дагы да ошол эсеп кайталанат деп тилейм.
+1
mr.ulan89
2021-06-11 13:46:45
Башка сайтта корсотуп жатат онлайн КТРК спорт деп
0
oma16.02.95
2021-06-11 13:48:46
0:5
+1
ZHYRGAl1412
2021-06-11 13:49:25
Россиядан Ким коруп атат кантип Корсо болот
+1
interpol
2021-06-11 13:49:28
5-гол биринчи тайм бүттү
+1
ZHYRGAl1412
2021-06-11 13:50:52
Ктрк спорттон башкасы баары корсотуп атат
0
interpol
2021-06-11 13:55:55
ZHYRGAl1412,КТР спорттон көрүп атабыз
0
Aimani
2021-06-11 14:00:33
КТРКСПОРТ норма эле корсотуп атат.катыбай сатыбай эле.
0
Alixan-Nookat.2015
2021-06-11 14:20:02
7:0
0
mr.ulan89
2021-06-11 14:37:21
Хет трик Мирлан азаматсын
0
Aybiyke
2021-06-11 15:27:32
КТРка Спорт жакшына эле коргозду го антенаны карагыла коро албагандар.Азамат ак шумкарлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан