Ысык-Көл облусунда атасы сууга чөгүп жаткан кызын куткарам деп кошо чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына байланышканыбызда маалым болду.
Маалыматка ылайык, окуя Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айылында катталган. 10 жаштагы чөгүп бара жаткан кызын куткарам деп атасы дагы сууга чөгүп кетти.
"Бизге чалуу келген. Өз убагында бардык, бирок биз барганча жергиликтүү эл экөөнүн жансыз денесин чыгарууга жетишкен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.