Депутат Дастан Бекешев кайра шайлоонун расмий жыйынтыгы БШКнын жаңы курамы тарабынан бекитилерин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда телеграм каналына жарыялады.
Ал билдиргендей, БШК тууралуу жаңы мыйзам долбоору эл өкүлдөрү тарабынан кийинки жумада үч окууда кабыл алынат.
"Документке ылайык, алты адамды президент, алтоону парламент сунуштайт. Учурда фракциялар тигил же бул талапкерге кол топтой башташты. Кайра шайлоонун жыйынтыктарын жаңы курам менен бекитет. Мындан тышкары парламенттик шайлоону өткөрөт", - дейт Бекешев.