Бүгүн, 12-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери уланды. Анда Копенгаген шаарында "В" тайпасындагы Дания - Финляндия беттеши орун алды.
Беттештин биринчи бөлүгүндө Дания курамасынын жылдыздуу футболчуларынын бири Кристиан Эриксен оюн талаасында эс-учун жоготту. Оюн дээрлик токтоп, футболчулар, дарыгерлер футболчуну талаадан алып чыгып кетишти.
Дарыгерлер анын жүрөгүнө массаж жасап жатышат.
Учурда оюн уланабы жокпу белгисиз. Эки команданын тең футболчулары талаадан чыгып кетишти.