"Евро-2020": Дания-Финляндия беттеши саат 00:30да уланмай болду

Кристиан Эриксендин күтүүсүздөн эс-учун жоготкондугуна байланыштуу токтотулган "В" тайпасындагы Дания - Финляндия беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 00:30да уланат. Бул тууралуу УЕФА уюму билдирүү жасады.

Буга чейин бир нече чет элдик спорттук басылмалар Дания - Финляндия беттеши 13-июнь Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө жылдырылганын жазып чыгышкан.

Кристиан Эриксен оюндун биринчи бөлүгүндө күтүүсүздөн талаада эс-учун жоготту. Учурда ал ооруканага жеткирилди. Алдын-ала маалыматтар боюнча ал жүрөгүнөн жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан