Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмү тергелип жатат. Бул туурасында Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан бүгүн, 13-июнда кабарлашты.
Мекемеден өспүрүмдүн окуясы боюнча кеңири маалымат беришти.
"Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар үчүн Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн 6-классынын окуучусунун (2008-жылы 24-июнда туулган Якунин Игорь Сергеевич) өлүмү боюнча факты Сокулук РИИБинин маалыматтарды каттоо журналында 1-июнда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ишти тергеп жаткан тергөөчү - милициянын лейтенанты Өмүрбек уулу Максат. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылып, балдарды сурамжылоо райондук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жактоочунун маалыматы боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар орун алган. Адвокатты каза болгон өспүрүмдү асырап алууга ниеттенген АКШ жарандары жалдаган. Жактоочу тарабынан райондук прокуратурага Сокулук РИИБинин аракетсиздиги жөнүндө даттануу жолдонгон.
Ал эми Акыйкатчы институту тарабынан тиешелүү көңүл буруу актысы, ишти кароону ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу кат жолдонду. Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлигине бул балдар үйүнүн директорунун тергөө иш-чаралары мезгилинде кызматынан четтетүү тууралуу кат жөнөтүлдү. Балдар мекемесинин директору тарбиялануучулардын көрсөтмө берүүсүнө кийлигишип, өспүрүмдүн өлүмүнүн фактысын жаап-жашырууга аракет кылган", - дешти мекемеден.
Белгилүү болгондой, каза болгон өспүрүм буга чейин өзүн асырап алуучулар менен төрт жолу жолуккан. Баланын ден соолугу окуя болгонго чейин чың болгону тууралуу медициналык маалымкаттар бар экендигин кошумчалашты мекемеден.
Белгилеп кетүүчү нерсе, 2020-жылы февралда Акыйкатчы аппаратынын балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан балдар мекемелерине, анын ичинде Военно-Антоновка балдар үйүнө да мониторинг жүргүзүлгөн. Мониторингдин жыйынтыгында бир катар сунуштамалар берилген. Бирок алар өз убагында аткарылган эмес. Бул фактылар боюнча да күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Белгилеп коюу керек, бул иш КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өзгөчө көзөмөлүндө турат, ошондой эле ушуга окшош кайгылуу окуяларды болтурбоо максатында бардык күч-аракеттер жумшалат, анын ичинде мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалар, ошондой эле бул фактыны иликтөө боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын жетекчилигинде өкмөттүк комиссия түзүүгө жетишүү боюнча аракеттер жүргүзүлөт.
Жогорудагы факты өлкөнүн акыйкатчысынын өзгөчө көзөмөлүндө турат жана иликтөө боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын жетекчилигинде өкмөттүк комиссия түзүүгө жетишүү боюнча аракеттер жүргүзүлөт. Ошондой эле ушуга окшош кайгылуу окуяларды болтурбоо максатында бардык күч-аракеттер жумшалат.