3 күн мурда үйүнөн чыгып кеткен. Баткенде 16 жаштагы Бегимай Кенжебаева дайынсыз болууда

Баткенде 16 жаштагы Бегимай Кенжебаева 3 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдирип, көргөн, билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнөт.
Белгилүү болгондой, Бегимай Кенжебаева 11-июнь күнү саат 06:30 чамасында өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен. Ал ошол бойдон дайынсыз болууда.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүп жатат.
Изделип жаткан өспүрүмдүн белгилери: Бою 155-160 сантиметр, кашы, көзү кара, орто салмакта.
Эгерде кимдир-бирөө сүрөттөгү кызды таанып, жүргөн жери тууралуу маалымат билсе кабар берип коюуну милиция кызматкерлери суранат. Байланыш номерлери: (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан