"Евро-2020": Криштиану Роналду турнирге демөөрчү болгон Coca-Cola суусундугун столдон алып салды (видео)

Белгилүү футболчу Криштиану Роналду маалымат жыйында "Евро-2020" турнирине демөөрчү болгон Coca-Cola суусундугун столдон алып салды. Анын бул видеосу социалдык тармактарга тарап, талкууга алынууда.

Бул окуя "Евро-2020" турниринин алкагында өткөн Португалия курама командасынын маалымат жыйынында болгон. Анда Роналду аталган турнирдин демөөрчүсү болгон Coca-Cola суусундугун столдон алып салган.

Роналду эч качан Coca-Cola жана Pepsi суусундуктарын жарнамалаган эмес. Ал бул суусундуктар ден соолукка зыян экенин айткан. Pepsi бир гана жолу футболчунун сүрөтүн колдонуп, кийин кечирим сураган.

Ошондой эле Роналду уулу Coca-Cola ичип, чипсы жегенде кыжыры келерин жашырган эмес.

Криштиану Роналду Coca-Cola сусундугун столдон алып салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Umar7
2021-06-15 16:36:18
Эркек экенсин молодец
+16
tsunse
2021-06-15 16:44:29
Молодец кола чындыгында зыян
+18
rysik79
2021-06-15 17:23:06
Эркек азамат. Роналду чыныгы кыргыз экенсиң.
+13
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан