Сабиз 100 сомдон! Эмне себептен анын баасы кымбаттап кетти?

Учурда жергиликтүү дүкөндөрдө сабиздин баасы 100 сомго чыгып кетти. Баанын кескин көтөрүлүп кетиши социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, көпчүлүктү нааразы кылды. Эмне себептен баасы көтөрүлүп кеткендиги тууралуу SUPER.KG порталы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директорунун жардамчысы Ынтымак Осмоновго байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"9-июнга карата чыгарылган маалыматтар боюнча, жалпы республикада сабиздин орточо баасы 50 сом болду. Баанын кыбатташы сезондук факторго байланыштуу. Үшүк жүрүп, жаңы түшүмдүн чыгышы 15-20 күнгө жылып кетти, ошол нерсе да өзүнүн таасирин берди. Ошол эле картошканын баасы көтөрүлүп, жаңы түшүм чыккан соң акырындык менен түшө баштаган. Бизде апта сайын мониторингдин баалары чыгып турат. Эртең жалпы бааларды мониторинг кылып, баалардын орточо эсебин чыгарабыз", - деди Осмонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Shabi
2021-06-15 11:19:27
Сабиз 100сом.Кычап, сабиз салат жегим келип жатат
+7
Kurmanbek_81
2021-06-15 11:43:39
Кычап кышта помидор бадыраң жегиси келгендер, эми сабиз жегиси келет да.
+7
-FREEDOM-
2021-06-15 11:49:40
Эгип жей бергиледа. Мен жылда эгемин.
+2
Kurbanalieva1991
2021-06-15 11:51:07
Бизде сабиз 60,80 сом болуп жатат..
+1
zhaynak
2021-06-15 12:14:49
Kurbanalieva1991, африкадабы? Каерде жерин айтып кой да.
+2
Dastanali
2021-06-15 11:53:57
Айлык көтөрүлгөнгө, кымбаттап атат да
0
Erlan_95
2021-06-15 18:51:54
Dastanali, Кайсы айлык которлуп атат)?
0
Belek1710
2021-06-15 12:18:01
Марипов сабиз жегиле дебеди беле, баары сабиз жеп атышат да.
+1
NURSAPAR
2021-06-15 13:06:38
Сабиз сактагандар боптур кетти.
0
Alinur96kg
2021-06-15 13:23:46
Откондо бироо банан жебей сабиз жегиле деген го.Ошого баасы которулуп кетти.
+2
Suli1982
2021-06-15 15:14:37
Монополиянын кызматынын иши бааларды сурап коюу менен чектелишин эми билдим
+2
Noon
2021-06-16 01:14:58
Монополияны таркатып жибергиле да, былтыйып айлык жебей жоголушсун бекерчилер.
0
Mister-XXX
2021-06-16 10:14:35
Сабизди эксен 40 күндө даяр болот.Эми да сабиз эккенге кеч эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан