Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин кыраакы саясатыңыздын, салмактуу чечимдериңиздин натыйжасында, Кытай эл аралык аренада ишенимдүү түрдө алдыңкы орундарды ээлеп турат. Кытайдын "Бир алкак – бир жол" демилгеси дүйнө жүзүнө таанылып, ар кайсы континенттердеги көптөгөн мамлекеттерди бириктирген демилгеге айланды. Сиздин акылман жетекчилигиңиз менен Кытай COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө чоң ийгиликтерге жетишти жана башка өлкөлөргө пандемия менен күрөшүүгө жигердүү жардам көрсөтүүдө. Учурдан пайдаланып, Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз өлкөсү өз убагында көрсөтүлүп келе жаткан гуманитардык жардам үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Кыргыз өлкөсү ар дайым Кытайдын достук мамилесин жана колдоосун сезип турат", - деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекет башчы кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелеринин бардык тармактарын өнүктүрүү боюнча конструктивдүү ишти мындан ары да улантууга даяр экенин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан