Коңшу Казакстандын Мангистау облусунда кургакчылык жана ачкалыктан улам жергиликтүү тургундар мал-жандыктарын картон менен азыктандырууда. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, төө жана жылкылардын картон жеген видеолору учурда талкууга алынып жатат. Ал эми фермерлер ушинтип оор кырдаалдан чыгуунун жолун издеп жатышкандыгы маалымдалган. Райондо чөп жок экендиги, быйыл талаада дээрлик жаан-чачын болбогону, жайыттар куурап калгандыгы кабарланууда.
Буга чейин Казакстанда арыктап өлгөнү калган жылкылардын сүрөтү талкууга алынып жаткандыгы кабарланган. Кийинчерээк кургакчылык жана ачкалыктан улам миңден ашык жылкы өлгөндүгү белгилүү болгон.