Министрлер кабинети электр энергиясына болгон жаңы тарифтин баасын коомдук талкууга койду

Энергетика жана өнөр жай министрлиги министрлер кабинетинин 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Мындай маалымат министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, 2021-жылдын сентябрь айынан баштап электр энергиясына болгон баа бир киловатт саатына 1 сом 9 тыйындан эсептелип баштайт. Эгерде миң киловатт сааттан ашса, анда 2 сом 52 тыйындан эсептелет.

Мындан тышкары талкууга коюлган токтом долбоорунда ишканалар, социалдык жана балдар мекемелери жана башка үй-бүлөлүк эмес керектөөчүлөр үчүн атайын тариф иштелип чыккан.

Учурда жарандар электр энергиясынын бир киловатт саатына 77 тыйындан төлөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
patriot.kg94
2021-06-16 12:00:41
Бир сом тогуз тыйынбы же токсонбу туура жазсанар тушунуктуу кылып 1,09 же 1.90 ?
+1
Азат Бейшенбеков
2021-06-16 12:57:51
patriot.kg94,Саламатсызбы? 1 сом 9 тыйын.
+1
dark_marks
2021-06-16 12:03:05
Тарифтердин өзгөрүшүн талкууга коюп жакшы эле кылыпсынар. Энергетикалык кризистен чыгууга кадамдар ташталыптыр. Бирок, ичүүчү сууга болгон тарифти эч ким кабайбы? 20 % көтөрүп койсо деле эл унчукпайт го? Бир адамга 91 сом канча да тыйын кылып коюшуптур.
+1
aziret-92
2021-06-16 12:20:06
Наалыбай жон эле толойлу,1кв 1сом9тыйын бул кымбат эмес,жакшы эле баа.1уй-булоодон единицага деле 1айда 2000сомдон ашык акча кетип атат го.
1уй-булоо светке айына 500-700сом,
1уй-булоо единицага айына минимум 2000с.. Единицаны наалыбай эле салабыз го)))
-5
baisogur
2021-06-16 12:29:24
aziret-92,туура президент деп наалыбай озубузда келечеке салым кошолу
-5
kazakov1991
2021-06-16 12:29:36
Садый Эркек эмес экен президент болгуча свет оз баасында калат дегени бар , мынчалык которот экен айтпаш керек эле антип Бакиев ошонун айынан кеткен эле Садыйчы.............
+3
Jacob.
2021-06-16 12:49:35
kazakov1991, Бакиев бул маселени 10 жыл мурда которгон болчу, бирок тушунбогон туркойлордун айынан азыр же свет жок же суу жок же акча жок олтурушат. АТАМБАЙып элге жагынам деп светтин баасын арзан кылып салган, мындайча айтканда базардан 1 сомго ширенке алып чыгып 0,7 тыйындан саткандай эле болгон. Кесепетин эми коруп олтурабыз...
+2
assanov97
2021-06-16 13:16:04
Жазда жаны президент корот окшойбуз
+2
Rusbayastan
2021-06-16 14:03:11
Мен каршымын
+2
Munarbek1988
2021-06-16 15:50:23
Жакшы эле кошуна элдерде кымбат электр энергиясынын тарифи
-1
Nursul
2021-06-17 10:19:27
Элдин талкуусуна коюлат деп өзүлөрү эле чечип коёт да. Иштеп тапканыбыздын жарымы светке кетсе калганы турак жай налогу жер налогу жайыт налогу мал налогу деген лөлүлорунор тытып кетсе тамагыбызды талга илебизби. Бир жагынан азык түлүк да кымбаттаса кайсы жагына жеткиребиз иштеп тапканыбызды свет кымбаттады эми ширеңкенин баасын да которсонор илгерки адамдардай болуп таш менен от жагып калабыз акырындык менен таш доор заманга келе жатабызбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан