Экс-депутат Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал үй камагына кечээ, 15-июнда чыгарылган. Ал УКМК тарабынан "Кумтөр" иши боюнча кармалган. 9-июнда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу чечими чыккан.