Кыргыз өлкөсүндө Covid-19 менен ооругандан кийин экинчи жолу ооруп калуу фактысы катталган эмес. Бирок вакцина алгандан кийин кээ бир адамдар шарттарды толук аткарбагандыгына байланыштуу кайрадан Covid-19ду жугузуп алган учурлар болууда. Бул туурасында бүгүн, 17-июнда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова айтты.
"Кыргыз өлкөсүндө Covid-19 илдетинен айыккандан кийин кайра инфекцияны жуктуруп алган учур катталган жок. Бирок вакцинаны алгандан кийин кайрадан Covid-19ду жуктуруп алгандар бар, анткени жеке коопсуздук гигиенаны сактаган эмес. Эмдөөнүн биринчи дозасын алгандан кийин сөзсүз түрдө бет кап тагынып жүрүшү керек, экинчи дозасын алгандан кийин дагы бет кап тагынып жүрүшү керек. Себеби экинчи дозаны алгандан кийин организмде толук кандуу антитело үч аптадан кийин пайда болот. Ошондуктан вакцина алгандан кийин өзүбүздү таштап койбой, жеке гигиенаны сактообуз абзел", - деди Рыскулбекова.