Улукбек Марипов: "Эгер көйгөй менде болсо, анда отставкага кетүүгө даярмын"

Бүгүн, 17-июнда парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин отуруму өтүүдө.

Отурумда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көйгөй анда болсо, отставкага кетүүгө даяр экенин айтты.

"Мен жоопкерчиликтен качкан жокмун. Сиздердин айткан сыныңыздарга кошулам. Баарыбыз күнөөлүүбүз. Капиталдык салымдар үчүн акча талап кылынат, бирок каражат жетишсиз. Суу жетишсиз. Биз күнү-түнү иштеп жатабыз. Биз премьер-министрди алты айда бир алмаштырып, бири-бирибизди күнөөлөй баштайбыз. Муну менен кырдаал өзгөрбөйт, маселе чечилбейт”, - деди Марипов.

14-июнда Чүй облусунун дыйкандары сугат суунун тартыштыгын айтып, өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан