Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин агрардык саясат жана суу ресурстары боюнча комитетинин отурумунда эки депутат, тагыраагы Акылбек Кемелов менен Нурбек Мурашев кайым айтыша кетти.
Анда Акылбек Кемелов сөз сүйлөп жатканда, Нурбек Мурашев башкаларды дагы сыйлап, тезирээк сүйлөөнү айтты. Кемелов ага жактоочу болбой туруусун айтканда, "Ээ мен эч кимге жактоочу эмесмин. Тезирээк сүйлөп, башкаларды сыйлаңыз", - деди.
"Ээ дебесең мага. Сен эмне мага ээ деп жатасың?", - деп ордунан тура калды Акылбек Кемелов.