Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдон "Кызматка келгенден бери кандай жакшы иштерди жасадыңыз?" деп сурады.
Марипов: "Биздин эң биринчи багыт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо болду. Биз келерибиз менен бир топ чектөөлөрдү киргиздик. Өсүмдүк майлары башка өлкөгө чыгып кетип жаткан. Күйүүчү май маселесин жөнгө салдык деп ойлойм. Элдин пикирин эске алып, калкты тейлөө борборлорун ачтык. Негизги жумуштар аз эмес, биз жасалбай жаткан жумуштар дагы бир топ бар", - дейт.