Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов менен министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кайым айтышты.
Марипов депутаттар тааныштарын "кызматка коюп бер" деп кийлигишип жатканын билдирди. "Бир эки кадр маселесин чечип берген жокмун. Ошого кээ бирлер эмоцияга алдырып жатат. Кадр маселесине эч ким кийгилишпесин. Таарынычтар кадр маселесинен болуп жатат", - деди ал.
Депутаттар ким кийлигишип жатканын ачык айтышын талап кылышты.
Марипов: "Бактыбек Кемелович (ред. Бактыбек Райымкулов) Панфилов районунун акиминин орун басарын коюп бер деди. Бул маселени карайлы дедим. Коюп бере алган жокмун. Ачык сурадыңар ачык жооп бердим" - деди.
Бактыбек Райымкулов: "Ал кадрлар боюнча бардыгы сынактан өткөн. Бирок силер кызматтарга кантип коюп жатканыңарды бир гана Кудай билет. Бүгүнкү күндө суу маселесин айтып жатабыз. Суу маселесин чеч албасаңыз селфи кылбай, жумушуңузду таштап кетиңиз. Кет, кет, кетиңиз. Сабырдуулукту карманып айттык", - деди.
Марипов ага "Менин ордума келип иштеңиз" деп жооп берди.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев: "Адам болгондон кийин суранат экен да. Бул жерде аны айтуунун кажети барбы?" - деди.