Депутат Таабалды Тиллаев суу тартыштыгы жылдан-жылга курчуй турганын белгиледи. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Бул жаатта жаңы технологияларды киргизүү боюнча кандай чаралар каралып жатат?” – деп сурады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов: “Тамчылатып сугаруу сыяктуу бир катар жаңы ыкмаларды карап жатабыз. Бул жаатта тиешелүү тапшырмалар коюлган. Анткени сууну үнөмсүз пайдалануу да көйгөйдүн көбөйүшүнө көмөкчү болууда”, – деди.