Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова 1902-жылы 18-июнда Кыргыз ССРинин Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында төрөлгөн. Сокулук районундагы “Дружба” колхозунда звено жетекчиси болуп иштеген. 1947-жылы ал башкарган звено 15 гектар жердин ар бир гектарынан 971,5 центнер кант кызылчасын жыйнап алган.
Анын күжүрмөн эмгеги эске алынып, эки жолу СССР Жогорку Советинин биринчи (1937-1946-жылдары) жана үчүнчү (1950-1954-жылдары) чакырылышында депутат болуп шайланган. Кыргызстан Компартиясынын 3-съездинен тартып 12-съездине чейинки делегаты болгон. Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө шайланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.