17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин кризиске каршы программасы жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал талкууланды.
Депутат Дастанбек Жумабеков министрлер кабинети сугат суунун жетишсиздигинен жабыркаган дыйкандар үчүн каржылык колдоо маселесине кандай көңүл буруп жатканына кызыкты.
Жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов сөзсүз түрдө көмөк көрсөтүлөрүн билдирди.