Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Бишкек шаарында 18-июнга карата электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:
- Ак-Босого конушу (Саадаева көч, Боталиева, Чүй көчөсү № 8, 10, 42, 45, 47, 49-54, Нариманов көчөсү) саат 9:00дөн 18:00гө чейин;
- Арча-Бешик конушу (Бадахшан, Ак-Марал көчөлөрү) саат 9:00дөн 18:00гө чейин;
- Ынтымак жаңы конушу (Улан көчөсү) саат 9:00дөн 18:00гө чейин;
- Бакай-Ата конушу (Жээк, Нооруз, Наристе көчөлөрү) 10:00дөн 17:00гө чейин;
- 10-кичи району саат 8:30дан 17:00гө чейин;
- Елебесов көчөсүнүн кесилиши, Геологическая № 1,3,5,7,11,14, Равенский, Станиславский көчөлөрү саат 9:30дан 17:00гө чейин.
"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.