Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда Нарын облусуна иш сапары менен барат. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктун көрүп чыгат, инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу пландары менен таанышат жана жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт.