Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнө байланыштуу билим берүү жана илим министринин орун басарына сөгүш берилген.
Аталган министрликтен маалыматты жашыруу аракети болбогонун жана окуянын хронологиясы менен тааныштырды.
"1-июнда балдарды түнкү уйкуга даярдап жатканда балдар мугалимдин жардамчысын чакырышкан. Ал Игорь Якунинди аны менен ойноп жаткан башка балдардын айланасында эс-учун жоготкон абалда тапкан. Мугалим жергиликтүү "Тез жардам" кызматын чакыруу аракетин көргөн, бирок майнап чыкпаган соң балдар үйүнүн директорун жана медайымды чакырган. Чакырылган адамдар бир нече мүнөттөн кийин келишкен. Алар баланы эсине келтирүүгө аракет кылышкан, андан кийин Игорь Якунинди "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Дарыгерлер баланын каза болгонун билдиришип, бул боюнча Чүй облусунун Сокулук РИИБине маалымат беришкен.
Игорь Якуниндин денесине соттук-медициналык эксперт жана Сокулук РИИБинин тергөөчүсү тарабынан балдар үйүнүн директорунун катышуусунда кароо жүргүзүлүп, зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес (тиешелүү протокол жана сүрөттөр бар). Болгону оң балтырынын териси сыйрылганы гана катталган.
2-июнда Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзүп, анын курамына мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн адистери, ошондой эле министрликтин юристтери кирди. Комиссия жагдайды тактоо үчүн дароо жерине жөнөп кетет. Балдар үйүнүн кызматкерлерине, медайымга сурамжылоо жүргүзүлөт. Балдар депрессиялык абалда болгондуктан, алардын психологиялык абалына байланыштуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын алдыдагы ишин эске алуу менен сурамжылоо жасалган жок.
4-июнда Билим берүү жана илим министрлиги соттук-медициналык экспертизанын алдын ала корутундусунун көчүрмөсүн алат. Анда өлүмдүн себеби тиешелүү лабораториялык анализден өткөндөн кийин гана көрсөтүлөт деп жазылган.
Учурда баланы зомбулуктан улам каза болду дегенди тастыктаган эч кандай далил жок. Бирок өспүрүмдүн өлүмү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары балдардын көрсөтмөлөрү, анын жеке маалыматтарын ачыкка чыгарышууда. Ушул маселенин айланасындагы кырдаал, карама-каршылыктуу маалыматтар балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жана балдарга карата кырдаалды курчутууда. Бул негизсиз, далилсиз айыптоолордон улам балдар күзөткө алынды.
Өзгөчө ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек балдарга карата өзгөчө оор кылмышка айыптоолорду коюу боюнча коомдук аракеттерге жол берилген адам укуктарын одоно бузуу деп эсептейбиз. Биз бардык тараптарды өз ара аракеттенүүнүн өзгөчө укуктук режимин сактоого жана кызматтык иликтөөнүн корутундусун күтүүгө чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Окуянын чоо-жайы:
1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.
Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылган. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШнын жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашты.
Окуянын бардык жагдайларын кылдат, объективдүү иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.
Чүй ОИИББи каза болгон өспүрүмдүн денесинде зомбулуктун белгилери болбогонун маалымдаган. 17-июнда билим берүү жана илим министринин орун басарына сөгүш берилген.