Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнө байланыштуу билим берүү жана илим министринин орун басары сөгүш алды. Бул туурасында бүгүн, 17-июнда министрлер кабинетинен кабарлашты.
"Ички иштер министрлиги бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алуусу зарыл. Адистештирилген мекемелердеги тарбиялануучулар менен кызматкерлер арасында укук бузуулардын жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп турушу керек", - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова.
Жыйындын жүрүшүндө балдардын социалдык мекемелерин тейлеген билим берүү жана илим министринин орун басарына катуу сөгүш берүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле министрлер кабинети Билим берүү жана илим министрлигине төмөнкү маселелерди карап чыгуу сунуштады:
Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине:
Сокулук районунун жалпы медициналык жардам борборунун директорунун кызмат ордуна ылайык келиши;
Сокулук районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысына тартиптик жаза чараларын көрүү.
Жыйындын соңунда Ички иштер министрлигине жогорудагы окуя боюнча иликтөө жүргүзүү, ал эми Военно-Антоновка балдар үйүнө тарбиялануучуларды реабилитациялоо тапшырылды.
Окуянын чоо-жайы:
1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.
Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылды. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШнын жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашты.
Окуянын бардык жагдайларын кылдат, объективдүү иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Анын курамына президенттин администрациясынын, Жогорку Кеңештин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү кирди.
Чүй ОИИББи каза болгон өспүрүмдүн денесинде зомбулуктун белгилери болбогонун маалымдаган.