Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
"Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алууга схема түзүп алышкан. Муну менен эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттик университеттердин беделин түшүргөнү аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.
Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.