Коронавирус илдетинен 404 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 404. Анын ичинде Бишкек шаары – 175, Ош шаары – 46, Чүй облусу – 84, Ош облусу – 30, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 24, Жалал-Абад облусу – 24, Баткен облусу – 9.
Жалпы айыккандардын саны: 104 миң 706 бейтапты түздү.