Бүгүнкү күндө республика боюнча 2 миң 285 бейтап стационардык дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Ал эми амбулатордук дарыланууда 4 миң 323 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек шаары – 1 миң 17, Ош шаары – 202, Чүй облусунда – 390, Ош облусунда – 274, Талас облусунда – 28, Нарын облусунда – 40, Ысык-Көл облусунда – 135, Жалал-Абад облусунда – 120, Баткен облусунда – 79. Стационарда дарыланып жаткан 2 миң 285 бейтаптардын ичинен, 19 адамдын абалы канааттандырарлык, 1 миң 501 бейтаптын абалы орто оор абалда, 664 адамдыкы оор абалда жана 101 бейтаптыкы өтө оор абалда.