Өкмөттө өлкөнүн бюджетин түзөтүү боюнча кеңешме өттү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн 2020-жылга карата республикалык бюджетине өлкөдө өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери киргизилгендигине байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, коронавирус пандемиясынын өлкө экономикасына тийгизген кесепеттери бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Тышкы, ошондой эле ички булактардан кошумча ресурстарды тартуу иштерин активдештирүү зарыл.

Муну менен бирге Мухаммедкалый Абылгазиев бардык мамлекеттик социалдык милдеттенмелер өз убагында жана толук көлөмдө каржылана тургандыгын көрсөттү. Ошондой эле бюджеттин чыгаша бөлүгүндө коронавирус инфекциясынын кесепеттери менен күрөшүү боюнча иш-чараларга жумшалуучу бардык кошумча чыгымдар эске алынат.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу, экономикалык кырдаалдын божомолунун мүмкүн болгон сценарийи, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрү талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча, тармактык мамлекеттик органдарга "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан