Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын 493 миң 488 салык төлөөчү тапшырган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Анын ичинен 160 миң 319 декларация электрондук түрдө берилген.
Декларациянын жалпы санынын ичинен 49 миң 918 – уюмдар, 215 миң 474 – жеке ишкерлер, 122 миң 44 – ишкерлик иш жүргүзбөгөн жеке жактар, 47 миң 753 – салык салынуучу кирешелери жок жеке жактар, 58 миң 299 – мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар. Ошол эле учурда “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамдын ченемдерине ылайык 3 миң 978 такталган декларация тапшырылды.