Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 21-июнга карата аба ырайы

21-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14...19, күндүз 19...24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23;

Бишкекте кечке жуук өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түндө 11…13, күндүз 29…31 градуска чейин ысыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2021-06-20 18:03:31
Ош, Жалал-абад, Баткенде 24° эмес, 34° болсо керек? Чүй, Таласта 30° болуп жатканда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан