Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бүгүнкү күндө негизги милдет калкты эмдөө экендигин белгиледи

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө Улуу Британиянын республикага көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бүгүнкү күндө министрлер кабинетинин негизги милдеттеринин бири калкты эмдөө экендигин белгилеп, бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

"Кыргыз Республикасы үчүн Улуу Британия менен өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында эки тараптуу мамилелерди чыңдоо маанилүү. Британдык тарап аркылуу Кыргыз Республикасындагы, айрыкча социалдык чөйрөдөгү долбоорлордун мындан ары карай натыйжалуу ишке ашырылышына ишеним билдиребиз", - деп белгиледи Жылдыз Бакашова.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты. Британ тарапка COVID-19 менен күрөшүү жана калкты эмдөө жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу максатында Кыргыз Республикасынын жана Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосунда видеоконференция форматында консультацияларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Ошондой эле өлкөдө каржы жана банк иши, экологиялык дипломатия жаатындагы кадрларды даярдоого жана Британиялык университеттердин биринин филиалын Бишкекте ачууга багытталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары британ тараптын COVAX программасынын алкагында жакын арада вакцина алууда колдоо көрсөтүүсүнө ишеним билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан