Эртең, 22-июнда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;
Талас жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түндө +14…+16, күндүз +26…+28 градуска чейин ысыйт.