Австриянын футбол боюнча улуттук курама командасы өздөрүнүн тарыхында алгачкы ирет Европа чемпиондугунун плей-офф баскычына чыкты.
"С" тайпасында жайгашкан Австрия үчүнчү турдук оюнда Украина курамасы менен кез келип, 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Беттештеги жалгыз голду 21-мүнөттө Кристоф Баумгартнер жаратты. Муну менен Австрия 6 упай топтоп, тарыхында алгачкы ирет турнирдин плей-офф баскычына чыкты.
Ушул эле тайпада Нидерланды - Түндүк Македония курамалары кез келип, оюн 3:0 эсебинде Нидерланды курамасынын жеңиши менен аяктап, Нидерланды 9 упайы менен тайпада биринчи орунда плей-оффко чыкты.