Чүйдүн Сокулук районунда сууга чөгүп кетиши мүмкүн деген күмөн менен эркек киши изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-июнь күнү Сокулук айылындагы Белинский көчөсүндө көлмөнүн жанында эркек кишинин кийимдери табылып, сууга түшүп, чөгүп кетиши мүмкүн деген күмөн менен "102" кызматынан маалымат келип түшкөн.
"Кечээ, 21-июнь күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылган. Бүгүн, 22-июнь күнү издөө иштери улантылат. Ал эми изделип жаткан тургун 57 жашта экени белгилүү болду", - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.